«Екатеринбург-Алматы» республикалык трассасына жаңы типтеги коргонуу каражаттары орнотулууда. Бул тууралуу «Казавтожол» маалымдады. Ал Астана шаарынын жанындагы Тилендиев жол тилкесин кошо камтыйт. Бул тосмолордун мурункулардан айырмасы, эгерде унаа авариялык абалда трассадан чыгып кетсе, аппаратка орнотулган барабандардын айлануусунан улам жолдун карама-каршы тарабына чыкпай ушул аппарат менен кыймылдайт. Ага жараша унаа жол боюнда кала берет.
Нурбек Темирханов, «Казавтожол» улуттук компаниясынын Акмола филиалынын башчысынын орун басары:
Бул технология биздин өлкөдө биринчи жолу колдонулуп жатат. Эгерде анын эффективдүүлүгүнө ынансак, келечекте республикалык маанидеги авто жолдорго колдонобуз. Негизги тандоо кыймылдын басымы жогору болгон жолдорго туура келет. Мисалы: бул тандалган жолдон күнүнө 15 миңге чейин унаа өтөт. Ошол эле учурда мындай аппарат менен жол кырсыктары тез-тез катталып турган жол аймактары камсыздалат.
Аларды трассанын эң кооптуу жерлерине орнотуу пландалууда. Мисалы, аны бурулуштардан, туннелдерге кирүү жана чыгуулардан, кесилиштерден кезиктирүүгө болот. Бир айдын ичинде Акмола облусунун Талапкер айылына жакын жерде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун коргоо үчүн дагы бир тосмо орнотуу мерчемделип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков