Казакстанда эко туристтердин саны 40% артты

Казакстанда эко туристтердин саны 40% артты

Казакстанда экологиялык туризмге кызыгуучулук артып келүүдө. Ошентип, өткөн жылы өлкөнүн кооз жаратылышында саякаттоону тандагандардын саны 40%га көбөйүп, 3 миллионго жетти. Бул тууралуу тармактык министрликтин өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка ылайык, экотуристтердин көбү дем алыш күндөрүн Алматы облусунда өткөрүүнү каалашкан. Иле-Алатоо улуттук паркы, Чарын капчыгайы, Алтынемел жана Көлсай көлдөрү чоң суроо-талапка ээ. Азыр өлкөдө 14 улуттук парк бар. Туристтердин ыңгайлуу эс алуусу үчүн кемпингдер, глампингдер жана башка керектүү объектилер курулууда. Жакында эле 8 заманбап сапар-борбору ишке кирди. Алар табигый экосистемага, жапайы жаратылыштын жашоо чөйрөсүнө, атайын жолдорго жана корголуучу аймакта саякаттоо эрежелерине байланыштуу маалыматтарды беришет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков