Нур-Султан шаарында эл аралык предметтик олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болуп, жеңүүчү аталган окуучулар сыйланды. Математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча жүздөгөн атаандаштарынын арасынан суурулуп чыккан окуучуларга «Билим-Инновация» эл аралык коомдук фондунун ардактуу грамоталары тапшырылды.
Абылай Саматов, Караганды шаарынын №1 «Билим-Инновация» лицей-интернатынын химия предмети боюнча мугалими
-Эгемендүүлүккө ээ болгон 30 жылдын ичинде бул жаатта чоң жылыштар болду деп ойлойм. Анткени мындан 15 жыл мурун өзүм ушундай эл аралык мелдештерге катышкам. Учурда мүмкүнчүлүктөр абдан чоң, башкача айтканда, мамлекет окуучулардын эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышуусу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат.
Санкт-Петербургда өткөн математика боюнча эл аралык олимпиадага катышкан окуучулар өлкө куржунун дагы 6 медаль менен толтурушту. Жеңүүчүлөрдүн бири - борбор калаалык окуучу Фетуллах Сам.
Фетуллах Сам, «Spectrum International School» мектебинин 12-классынын окуучусу
- Олимпиадада эки тур болду, биз жакшы көрсөткүчтөргө жетиштик, 3 күмүш, бир алтын жана эки коло медалга ээ болдук. Мен былтыр да катышкам, бирок мактоо баракчасын гана алган элем. Бул сыйлык мага университетке тапшырарда жардамы тиери шексиз.
Белгилей кетсек, Олимпиада дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө онлайн форматта өттү. Өлкөнүн эң акылдуу окуучулары 2 алтын, 13 күмүш жана 11 коло, жалпысынан 26 медалды жеңип алышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков