Кызыл-Ордо облсунда Арал деңизинин кургап калган түбүнө жазгы сөксөөл көчөттөрүн отургузуу иштери башталды. Быйыл 250 миң көчөт тигүү пландалган, жакынкы үч жылда бул жакка бир миллионго жакын дарак көчөтү отургузулат. Адистердин айтымында, сөксөөлдү тигүү кокустан тандалган эмес. Ал чыдамкай, жер тандабайт, чөлдүн катаал шартында жашап кете алат. Мындан тышкары, ушундай бир сөксөөл дарагы 4 тонна кумду токтото алат. Анткени жыл сайын шамал менен деңиз түбүнөн ондогон миллион тонна туз жана чаң көтөрүлүп, миңдеген чакырымга таратылат.
Айбек Жолаханов, токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү инспекциясынын облустук аймактык бөлүмүнүн жетекчиси:
– 2021-жылы 100 миң гектар аянтка токой мелиорациялык иштер жүргүзүлдү. 2025-жылга чейинки аралыкта бир миллиондон ашык гектар жерди камтууну пландап жатабыз. Көчөттөрдү токой чарба мекемелеринин убактылуу питомниктеринде өстүрөбүз. Анан аларды кургап калган деңиздин түбүнө көчүрөбүз.
Белгилей кетсек, Арал деңизинин кургап калган түбүн жашылдандыруу иштери 20 жыл мурда башталган. Андан бери ар түрдүү ыкмалар менен 200 миңден ашык гектар аянтка отургузуу сөксөөл жүзөгө ашырылган. Ал эми табигый өнүгүү жолу менен бул аянт 400 миң гектарга чоңойгон.