Президент Касым-Жомарт Токаев Өкмөткө Екибастуздагы жана башка калктуу конуштардагы оор кырдаалды түп тамырынан бери өзгөртүү боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алууну тапшырды. Премьер-министр мамлекет башчыга Екибастуз шаарындагы оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчынын айтымында, көрүлгөн чаралар шаарды кыйын кырдаалдан чыгарууга өбөлгө түздү. Азыр турак жайларды жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн ыкчам штаб тапшырган иштерди бүтүрүү алдында турат. Мамлекет башчы өкмөткө шаарларды кышкы жылытуу мезгилине даярдоодо кетирилген катачылыктарды кылдат талдап чыгууну тапшырды. Мындан тышкары, менчиктештирилген энергетикалык активдерге жана алардын ээлеринин жоопкерчилигине байланышкан көйгөйлөрдү чечүү зарыл. Президент Өкмөттүн жана укук коргоо органдарынын бардык иши анын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков