Түркияда этникалык казактар чогулушту

Түркияда этникалык казактар чогулушту

Алтайдан баштап Такламакан чөлү аркылуу Гималайга, Индияга, Пакистанга, Иракка жана Түркияга чейин. Казак тарыхындагы улуу кыймыл 1952-жылы чын куран айынын 13дө Түркиянын мурдагы премьер-министри Аднан Мендерестин казактарды кабыл алуу чечими менен Анадолу аймагында токтогон. Бул тарыхый чечимдин 70 жылдыгына карата Түркиядагы казактар чогулуп, жыйын өткөрүштү. Иш-чарага Казакстан, Европа жана Түркиядан эки миңге жакын мекендештер катышышты.

Абдуллах Өздемир Истанбул шаарынын Багжылар районунун акими

- Ушундай өзгөчө иш-чараны уюштурган казак боордошторубузга ыраазычылыгымды билдирем. Истанулдун Зейтинбурун, Багжылар, Күчүк Чекмеже сыяктуу бир нече райондорунда казактар ​​жашашат. Алар менен мамилебиз абдан жакшы. Менин дагы университеттен бери келе жаткан казак досум бар. Боордошторубуз менен болгон мамилебиз келечекте дагы чыңдалат  - деп ишенем.

Берекет Четин  Казак-алтай коомунун төрагасынын орун басары

- Бул жердеги максат –  ата-бабаларыбызды жаштарга таанытуу. Чогулуу, казак тилин үйрөтүү, казак рухун көтөрүү. Биз жаш коомбуз. Түзүлгөнүбүзгө үч жыл болду.

 Ыр-бийге толгон жыйында Алтайдан башталган тарыхый көч тууралуу көргөзмө көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты. Каргашалуу жылдардын, тагдырлардын сырын ачкан сейрек сүрөттөр. Алдыда Түркиядагы тарыхый жүрүштүн 70 жылдыгына карата бир нече жыйындарды уюштуруу пландалууда.

 

Которгон: Нурлан Досалиев