7 миңден ашык казакстандыктар туристтик же башка себептер менен чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Буга чейин өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу республиканын бир катар аймактарында ички жана эл аралык каттамдар токтотулганы маалымдалган. Бүгүнкү күндө авиакомпаниялар ички жана эл аралык байланыштарды акырындык менен калыбына келтирүүдө. Бирок Казакстандагы өзгөчө кырдаалдан улам мекендештер дагы эле башка мамлекеттерде калууга аргасыз. Үчтүн айынын 5 күнү Стамбулдан мекенине кайтмакчы болгон мекендешибиз менен баарлашып, жагдайды билип көрдүк.
Бану Тажибек, Казакстан жараны /Стамбул/:
- Биз каттамдар жокко чыгарылганын билдик. Андан соң түрк компаниясы жакынкы каттамдарга кайрадан орун алып берди. Ал үчтүн айынын он экисине. Андан кийин консулдугубузга кайрылдык, тилекке каршы алардан эч кандай маалымат алалган жокбуз. Кандайдыр бир чечим кабыл алынганда расмий сайттан биле аласыз деди. Бактыга жараша биз эми 12не чейин Стамбулдагы тууганыбыздын үйүндө болобуз.
Айта кетсек, Казакстандын Авиация башкармалыгы жүргүнчүлөр үчүн атайын ишеним телефонун ишке киргизди. Анда жүргүнчүлөргө каттамдардын абалы, аларды чегерүү жана билеттерди кайтаруу боюнча кеңештер берилет. Колл-борбор суткасына 24 саат бою иштейт. Белгилей кетсек, Алматы аэропорту бүгүн саат 21:00гө чейин иштебейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков