Казакстан менен Түркия эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын географиясын кеңейтип, үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйтүү ниетинде. Өлкө Премьер-министри Алихан Смаиловдун жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октайдын төрагалыгы алдында өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын XII жыйынында соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле, транзит-транспорттук, өнөр жай, туризм, геология, саламаттык сактоо жана айыл чарба тармактарындагы кызматташууга артыкчылык берилди. Түркия - Казакстандын эң маанилүү соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара соода жүгүртүү 33%га өсүп, 4 миллиард 100 миллион доллардан ашты. Тактап айтканда, 2021-жылы Казакстандан Түркияга экспорттун көлөмү болжол менен 40% өскөнүн көрсөттү. Бүгүнкү күндө Казакстанда түрк ишкерлеринин катышуусунда 5,5 миллиард долларлык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:
- 2021-жылы эки жактуу соода көлөмү 33%га өсүп, 4 миллиард долларды түздү. Бул пандемия шартында абдан жакшы натыйжа. Бирок муну менен чектелип калууга болбойт. Эки өлкөнүн дарамети мындан да чоң. Бүгүн биз 68 пункттан турган биргелешкен иш-чаралардын планын кабыл алдык. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы биздин биримдигибизди чыңдоого жана азыркы оор мезгилде бир тууган элдерибиздин кызыкчылыгына кызмат кылат деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков