Санариптештирилген салттуу
тасмалар жана жаңы толук метраждуу жана кыска метраждуу анимациялык кино
чыгармалар. Астанада бул тармактын өнүгүү жолу менен таанышуу мүмкүнчүлүгү
түзүлдү. Борбор калаада Республика күнүнө жана Эл аралык анимация күнүнө карата
«Улуттук анимациялык фильмдер жумалыгы» өтүүдө. Баш калаанын тургундарына жана
конокторуна кино өндүрүш чеберлеринин мыкты чыгармалары сунушталды. Жумалыктын
программасына казак анимациясынын чыныгы чеберлеринен баштап жаш режиссерлорго
чейин ар кайсы жылдары жасаган 12 картина кирди. Уюштуруучулар ушул аркылуу ата
мекендик авторлордун чыгармачылык жолун кеңири жайылтып, эл аралык деңгээлде
таанытууга татыктуу улуттук мультипликация тармагын илгерилетүүнү көздөдү. Буга
байланыштуу, өлкөдө акыркы 5 жылда 47 анимациялык долбоор чыгарылганын жана
алардын көпчүлүгү абройлуу фестивалдарда жогору бааланганын айта кетүү керек.
Айнүр
Исаева, «Казаканимация» чыгармачылык бирикмесинин редактору:
- Иш-чаранын
максаты - көрүүчүлөрдү казак анимациясынын тарыхы жана азыркы өнүгүүсү менен
тааныштыруу. Биз дал ушул долбоорлорду тандоодо кайсыл фильмдер көпчүлүктүн
кызыгуусун жаратаарына көңүл бурдук. Анын үстүнө, жумалык программасына Амен
Кайдаров сыяктуу таанымал казак анимациясынын чеберлеринин мыкты долбоорлору
киргизилген. Ошондой эле, толук метраждуу мультфильмдердин көрсөтүүлөрү
пландаштырылган. Ошондуктан кино сүйүүчүлөр каалоосуна жараша фильмдерди көрө
алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

