ССМ: медициналык жардамга 2 265 адам кайрылды

ССМ: медициналык жардамга 2 265 адам кайрылды

Саламаттыкты сактоо министрлиги тополоңго байланыштуу эки миңден ашуун адам медициналык жардам сурап кайрылганын билдирди. Алардын арасында Алматы шаарынан 1100, Алматы облусунан 300, Жамбыл жана Кызылорда облустарынан 200 адам. Актөбөдө массалык башалмандыктан жабыркаган 50 адам тез жардам аркылуу жеткирилип, алардын 15и ооруканага жаткырылды. Төрт полиция кызматкери жаракат алды.

Василий Ларичев, катардагы аскер:

- Биз эч нерсе түшүнбөй калдык. Бизге дагы газ баллондорун ыргытышты. Айланабызды коюу түтүн каптап, эч нерсе көрбөй калдык. Баш жагымдан бир нерсе катуу учуп, оң жакка карай куладым.

Сакен Капанов, медициналык тез жардам ооруканасынын дарыгери:

- 15 адамдын экөө операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнө которулду. Азыр алардын абалы турукташып калды. Акыбалдары орточо денгээлде. Мээсинен жаракат алгандар, үн гранаталарынан жапа чеккен, ок тийгендери бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков