Быйылкы жылдан тарта казакстандык балдар өлкө боюнча бекер уча алышат. Кооз жерлерди аралап, алдыңкы 10 туристтик аймакка аба каттамы аркылуу акысыз жетүү үчүн казакстандык туроператорлордон билеттерди сатып алуу керек. Башкача айтканда, жашы жете элек балдары бар үй-бүлөлөр эмгек өргүүсүнүн үчтөн бир бөлүгүн үнөмдөй алышат. «Kazakh Tourism» компаниясынын өкүлү Ернур Кенжебеков башкы оператор катары бекитилген «Kids go free» уникалдуу программасынын ишке кириши жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Ернур Кенжебеков, «Kazakh Tourism» УК» АК өкүлү:
- Бул биздин өлкөдө гана эмес, бүткүл дүйнөдө биринчи долбоор. Жеке компанияларсыз өкмөттүк деңгээлде эч ким мындай программаны ишке ашыра элек. «Kids go free» программасы казакстандык үй-бүлөлөрдү өлкө ичинде эс алууга үндөйт. Башкача айтканда, үй-бүлөлүк бюджетти 30% үнөмдөп, ошондой эле ата мекендик туроператорлор үчүн карапайым үй-бүлөлөргө жеткиликтүү турларды көбүрөөк сатууга мүмкүндүк берет. Анын алкагында 2 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн билеттин баасы жылдын каалаган убагында төлөнүп берилет.
Тармактын адиси үчтүн айынын 1нен тарта күчүнө кирген туристтик маршрутту мамлекеттик колдоонун башка чаралары тууралуу да маалымат берди.
Ернур Кенжебеков, «Kazakh Tourism» УК» АК өкүлү:
- Туристтик объектилерди курууга же модернизациялоого кеткен чыгымдын 10%ы төлөнүп берилет. Ушундай эле суммадагы каражат жол боюндагы мейманканалар, кемпингдер, техникалык кароолор, май куюучу жайлар, ресторандар жана дүкөндөр сыяктуу кызматтарга жумшалат. Туристтик автобустар жана лыжа базалары үчүн жабдуулардын сатып алуу баасынын 25%ын мамлекет өз мойнуна алат.
Кошумчалай кетсек, ички туризмди өнүктүрүү максатында быйыл Казакстанга келген ар бир чет элдик саякатчыга субсидиялар каралган. Туроператорлор ар бир чет элдик конок үчүн 15 миң теңге алышат. Ошентип, мамлекет тарабынан сунушталып жаткан жаңы колдоо чарасы чет өлкөлүктөрдүн өлкөдө кеминде беш күн болушун караган пакеттик сатуунун үлүшүн активдүү көбөйтүүгө түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков