Казакстандын 16 жогорку окуу жайы QS World University Rankings 2023 рейтингине кирди. Мыкты окуу жайлардын реестри жыл сайын дүйнө жүзүндөгү университеттерди баалоого адистешкен британиялык компания тарабынан түзүлөт. Серепчилер баш-аягы бир жарым миңге жакын билим берүү мекемелеринин ишин талдап чыгышты. Натыйжада Казакстандын беш университети ТОП-500гө кирди. Аль-Фараби атындагы Казак улуттук, Гумилев атындагы Евразия улуттук, Сатбаев, Түштүк Казакстан жана Казак улуттук агрардык университеттери мыктылардын катарына кошулушту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков