Медициналык калдыктарды жок кылуунун жаңы ыкмасы иштелип чыкты

Медициналык калдыктарды жок кылуунун жаңы ыкмасы иштелип чыкты

Казакстандык окумуштуулар медициналык калдыктарды утилизациялоонун инновациялык ыкмасын иштеп чыгышты. Ата мекендик плазма химиялык эквиваленти жок. Уникалдуу аппарат биоматериалдарды термикалык зыянсыздандырууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн медициналык таштандыларды иргеп алуунун кереги жок. Эки миң градуска чейин ысытылган мешке түшкөн ар кандай зат көз ирмемде эрип, уулуу компоненттердин чиришине же ыдыроосуна жол берилбейт.

Александр Устименко, долбоордун автору, аль-Фараби атындагы КазУУнун бөлүм башчысы:

- Биздин технологиянын негизги артыкчылыгы - өтө жогорку температуранын колдонулуусунда. Биздин жаңы ыкма боюнча реактордогу медициналык калдыктар кадимкидей күйбөй, газдаштыруу жолу менен чиритилет. Натыйжада жалаң таза экологиялык газ гана пайда болот. Башкача айтканда, нейтралдуу газ жана таза экологиялык күл чыгарылат. Бул салттуу технологиянын негизги айырмасы болуп саналат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө медициналык таштандылар эки эсе жогору температурада өрттөлүүдө. Бул уулуу компоненттерди толук жок кылууга мүмкүндүк бербейт, дейт окумуштуу. Инфекцияланган өтө уулуу медициналык калдыктар адамдын ден соолугуна да, айлана-чөйрөгө да коркунучтуу экени белгилүү. Ошондуктан дезинфекциялоонун башка да эффективдүү ыкмалары колдонулуп жатат.

Акмарал Мейиарманова, Нур-Султан шаары, Сарыарка райондук санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө башкармасы башчысынын орун басары:

- Альтернативалык ыкмалар автоклавдоо, башкача айтканда, калдыктарды буу жана суу буусунун басымы менен тазалоо, бул биздин медициналык уюмдарда көп жүргүзүлөт. Мунун натыйжасында атмосфералык басым аркылуу медициналык калдыктардын курамында зыяндуу микроорганизмдер менен жок кылынат.

Кошумчалай кетсек, медициналык калдыктарды химиялык эритмелерге кошуу же микротолкундуу аппараттар менен да зыянсыздандырууга болот.

Жакында аларга ата мекендик окумуштуулардын плазманы иштетүү ыкмасы кошулушу толук мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков