Казакстанда туризм атайын видеогиддин жардамы менен өнүктүрүлөт. Казак туризм адистери виртуалдуу жардамчы менен тааныштырды. Улуттук компания кытайлык «TikTok» сервиси менен биргеликте атайын долбоорду ишке киргизди. Анда бардык тарыхый маанилүү жерлер, маданий мекемелер менен катар, өлкө аймагындагы белгилүү кафе-ресторандар тууралуу маалыматтар камтылат. Бул казакстандыктарды жана келген конокторду өлкө боюнча көбүрөөк саякаттоого шыктандырат, дешет демилгечилер. Өнөктүк азырынча Астана менен Шымкентте башталып, кийинчерээк башка шаарлар да кошулат. Деген менен бардык кызыктар тараптар өз салымын кошсо болот. Алар сүйүктүү жерлери жөнүндө айтып беришип, сунуштары менен бөлүшө алышат.
Кайрат
Садвакасов, «Kazakh Tourism» УК башкармалыгы төрагасынын милдетин аткаруучу:
- Бул долбоор
ишке ашканда Tik-Tok платформасында интерактивдүү карта пайда болот. Ага кирип,
каалаган аймакты тандай аласыз. Ошол учурда «Казакстан боюнча гид»
программасынын катышуучулары жарыялаган түрдүү видеолорду көрүүгө болот. Бир
жолу чыккан маалыматка караганда, колдонуучунун жасаган контенти ар дайым
кызыктуу болот. Биз ар бир тургун өзүнүн сүйүктүү аймагы тууралуу өзү кандай көрсө,
ошондой беришин каалайбыз. Азыртадан эле Казакстандын ар кайсы шаарларында ар
кандай хэштег менен жүктөлгөн жүздөгөн видеону көрүп жатабыз.
Белгилей кетсек,
бул «Kazakh Tourism» менен «TikTok»тун биргелешкен биринчи долбоору эмес. Буга чейин диджитал-аянтчада Улустун
Улуу күнү Нооруз майрамына арналган онлайн-фестиваль өткөн. Анда #Наурыз2023 хэштеги аркылуу ар бир
казакстандык бул майрамды кандай белгилеп жатканы жана майрамдык тамактардын
кантип жасалары, ошондой эле каада-салттар тууралуу өз ойлору менен бөлүшкөн. Буга
кошумча, «TikTok» колдонуучуларынын арасында мыкты саякат окуясы боюнча сынак өткөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков