Казакстанда «TAX FREE» пилоттук долбоору 2024-жылдын соңуна чейин узартылды

Казакстанда «TAX FREE» пилоттук долбоору 2024-жылдын соңуна чейин узартылды

Tax Free пилоттук долбоору эми 2024-жылдын аягына чейин иштейт. Өлкөнүн Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, катышуучулардын географиялык кеңейүүсү менен бирге алардын саны да өскөн. «Tax Free» программасына өлкөнүн 3 шаары, тактап айтканда, Астана, Алматы жана Түркестан катышууда. Эми бул тизмеге Шымкент шаары кошулду.

Думан Кансеитов, каржы министрлиги мамлекеттик кирешелер комитетинин КНС боюнча администрация башкарма башчысынын орун басары:

- 2019-жылдан бери пилоттук долбоор Алматыда гана ишке ашырылып келет. Былтыртан тарта Астана жана Түркестан шаарлары кошулду. Ошондой эле, шаардык акимчиликтин демилгеси менен быйылкы жылдан тарта Шымкент пилоттук долбоорго киргизилген. Анткени бул долбоор республиканын туризмин өнүктүрүүдөгү эң маанилүү демилге болуп саналат. Буга кошумча туристтердин агымынын жыл сайын көбөйгөнүн көрсөтөт. Долбоор ишке ашкандан бери чет элдик туристтер 500 миллион теңгеден ашык товар сатып алып, 40 миллион теңгеден ашык кошумча нарк салыгын кайтарышкан. Аны 40тан ашык өлкөдөн келген туристтер пайдаланышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков