Өкмөттө массалык спортту өнүктүрүү маселелери каралды

Өкмөттө массалык спортту өнүктүрүү маселелери каралды

Казакстанда сейил бактар, көчөлөр, жээктер жана турак жай короолору сыяктуу коомдук жайларды мүмкүн болушунча спорт аянтчалары менен жабдуу керек. Мындай тапшырманы премьер-министр өкмөттүн кезектеги жыйынында жооптуу мамлекеттик органдарга жана облустук акимчиликтерге берди. Алихан Смаилов массалык спортту өнүктүрүү боюнча 2023-2029-жылдарга концепция бекитилгенин эске салды. Анын алкагында 2030-жылга карата калктын 50%ын дене тарбия жана спортко тартуу милдети турат.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

Спорт жана жигердүү жашоо образы улуттун ден соолугунун кепилдиги гана болбостон, ар бир адамдын талантын, жөндөмүн ачып берет. Бул өзгөчө жаш муундарды тарбиялоодо маанилүү. Ошондуктан спорттук курулуштар менен комплекстер бардык адамдарга бирдей жеткиликтүү болушун камсыз кылуу зарыл. Массалык жана үзгүлтүксүз спорттук иш-чараларды уюштуруу менен жарандарды спортко тартуу керек.

Ошондой эле, Алихан Смаилов Маданият жана спорт, Илим жана Жогорку билим, Окуу-агартуу министрликтерине дене тарбия машыктыруучуларын  жана мугалимдерин даярдоо системасын кайра карап чыгууну тапшырды. Ошол эле учурда дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу маанилүү экенин баса белгиледи. Мындан тышкары, өлкө калкынын арасында сергек жашоо образын жигердүү жайылтуу милдети жүктөлдү.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:

Өлкөдө жакшы салтка айланган ар кандай курактагы адамдар үчүн массалык марафондор жана мелдештер тууралуу бардыгы билет. Акыркы жылдары бардык жерде спорт аянтчалары жана башка ири объектилер курулуп жатат. Спорт менен машыккандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатканын көрүп жатабыз. Республикада жыл сайын ар түрдүү деңгээлдеги 25 минден ашык спорттук-массалык иш-чаралар уюштурулат. Аларга 1,2 миллиондон ашык адам катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков