Дарыгерге чейинки жардам көрсөтүү боюнча чеберчилик сабагы

Дарыгерге чейинки жардам көрсөтүү боюнча чеберчилик сабагы

Шаар тургундары биринчи жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон билимдерди жигердүү түрдө үйрөнүп жатышат. Польшанын Быдгощ шаарынан келген 9 инструкторлор тобу шаар тургундарына акысыз мастер-класстарды өткөрүшөт. Эгерде адам эсин жоготуп, деми кысылып, кыйналып жатканда эмне кылуу керек? Бул суроолорго жооп берүү үчүн инструкторлор атайын программа түзүшкөн. Үч күн ичинде серепчилер миңден ашуун казакстандыктарды мындай пайдалуу өнөргө үйрөтүүнү көздөп жатышат.

Томаш Залевский, эл аралык инструктор:

- Эң негизгиси дүрбөлөңгө түшпөө керек. Эгерде сиз баарын тез жана туура жасасаңыз, бирөөнүн өмүрүн сактап кала аласыз. Бизде эң мыкты медициналык жардам көрсөтүү ыкмасы бар. Аны өздөштүрүү үчүн медициналык билимдин болушу шарт эмес. Каалаган адамды окутууга даярбыз.

Александр Скалий, Быдгощ шаарынын Дене тарбия жана спорт институтунун мүдүрү /Польша/:

- Жарандар өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керектигин жакшы билишээрин байкадык. Бирок көптөр теориялык жактан гана билишет. Бул билимди иш жүзүндө колдоно алгандар аз.

Айгерим Рахметова, студент:

- Биз теорияны жакшы түшүнгөнүбүз менен, бул ыкмаларды тажрыйбада кантип ишке ашырууну билбейбиз. Бүгүн мен жүрөккө массаж жасоону үйрөндүм, бул оңой эмес – мүнөтүнө 100 жолу басуу керек. Жашоодо пайдалуу боло турган көптөгөн маалыматтарды алдык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков