Казактарда
уникалдуу ДНК бар. Бул тууралуу белгилүү француз окумуштуусу Паскаль Майер
Нобель фестивалында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал улуттун өзгөчөлүгүн ырчы
Димаш Кудайбергендин, ошондой эле ата мекендик вакцинаны иштеп чыккан ата
мекендик биологиялык коопсуздук боюнча илимпоз Күнсулу Закарянын таланты
далилдеп турат дейт. Дүйнөлүк ачылыш сыйлыгынын лауреаты Франциядагылар QazVac
жөнүндө кабардар экенин айтат. Илимпозду мындай антивирустук препаратты түзүү
мүмкүнчүлүгү гана эмес, анын клиникалык сыноолору да таң калтырды. Жалпысынан
“Илим Оскары” деп аталган сыйлыктын ээси өз сөзүндө бүгүнкү күндө бардык жерде
жасалма интеллект технологиялары ишке ашырылып жатканына токтолду.
Паскаль Майер,
Нобель сыйлыгынын лауреаты:
-Мен орто мектепте
окуп жүргөндө эле жасалма интеллект менен иштей баштагам. Ошол жылдары биз
нейрон тармагын программалоо үчүн калькуляторду колдончубуз. Бул 1970-жылдары
болгон. Албетте, ошол кезде нейротармак анализ менен алектенбей турганын, бирок
жаңы билимдерди үйрөнүү жана өздөштүрүү жүрүшүндө абдан пайдалуу курал экенин
түшүндүм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков