Казакстандын транзиттик-транспорттук дараметин жогорулатуу - негизги милдеттердин бири. Бул тууралуу мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өлкө элине кайрылуусунда билдирди. Президент бул жаатта ири долбоорлор ишке ашып жатканын кошумчалай кетти. Актауда контейнердик хаб түзүү аркылуу Транскаспий коридорун өнүктүрүү пландаштырылууда. Бул иштерге дүйнөнүн эң мыкты логистикалык компаниялары тартылган. «Казакстан темир жолу» ишканасы толук кандуу транзиттик-логистикалык корпорация болуп кайра түзүлөт - деп белгиледи мамлекет башчысы.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстан азыркы геосаясий кырдаалда Азия менен Европанын ортосундагы өтө маанилүү кургактагы коридору болуп саналат. Биз бул мүмкүнчүлүктөн толук пайдаланып, дүйнөлүк маанидеги транспорттук түйүнгө айланышыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков