Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Документ транспорт тармагынын бардык багытын, анын ичинде темир жол, автоунаа, суу, аба транспортун, ошондой эле логистикалык секторду өнүктүрүү маселелерин камтыйт. Алдыда тиешелүү мекеме концепцияда каралган милдеттерди өз убагында аткаруу боюнча чараларды көрөт. Жеткиликтүү, коопсуз жана инклюзивдик мобилдүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жана транзиттик хаб болууга таасир этет деп мерчемделүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков