Бул вегетациялык мезгилге чейинки көрсөткүч. Чын куран айынан баштап жаңы келишимдер түзүлөт. Ал эми Шардарага 10 миллиард 700 миллион куб метрден ашык суу топтолот. Борбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя боюнча бирдиктүү норманы бекитти. Гидрологдордун айтымында, Сырдарыя бассейнинде экологиялык абал жакшы. Тоолордогу жаан-чачын көлөмү көп. Кардын калыңдыгы адаттагы нормадан жогору. Мындан улам жазында суунун көлөмү көп болуууга тийиш. Белгилей кетсек, сууну алуунун чеги өткөн жылдын жетинин айында Ашхабадда Суу координациялоо боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын отурумунда аныкталган.
Мереке Имангалиев, Экология жана табигый ресурстар министрлигинин өкүлү:
- Казакстан менен Өзбекстан алдыдагы вегетация мезгилинде суунун жетишсиздигин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынан суу жана электр энергиясын алмаштыруу системасы боюнча иш алып барууда. Бүгүнкү күндүн маалыматы боюнча, Казакстандын Шардара суу сактагычында 4 миллиард 70 миллион метр куб суу бар. Учурда Токтогул суу сактагычында болжол менен 10 миллиард 700 миллион метр куб суу топтолгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков