Кыргызстандын Ош шаарында Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин жаштарынын үчүнчү форуму болуп өттү. Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан жана Кыргызстандын делегациялары түрк тилдүү элдердин руханий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жаштар дараметин өнүктүрүүгө шарт түзүү демилгесине өзгөчө кызыгуучулук билдиришти. Мындан тышкары, Казакстан жана Кыргызстан элдери Ассамблеясынын жаштар түзүмдөрүнүн лидерлери жеке жолугушуу өткөрүштү. Кыргыз тарабын Казакстандагы жогорку окуу жайлары жана ал жакта кантип окууга боло тургандыгы өзгөчө кызыктырды. Ошондой эле билим жарманкесин өткөрүү сунушталды. Эки өлкөнүн жаштар уюмдарынын лидерлери бат-баттан жолугушуп турууга макулдашты.
Тимур Жумырбаев, Республикалык «Жарасым» жаштар уюмунун төрагасы:
- Азыркы учурда коомубуздун атаандаштыкка жөндөмдүү жарандарынын сабаттуулугуна байланыштуу болуп турат. Бүгүнкү күндө орто жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарыл. Бул тууралуу президентибиз айтты. Укуктук системаны түзүү жана жогорку билим берүүдө атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү үчүн тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча өкмөткө жана парламентке конкреттүү тапшырмалар берилди.
Анар Гасымов, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жаштар канаты төрагасынын орун басары:
- Социалдык, маалыматтык, билим берүү жана ыктыярчылык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери талкууланды. Биз ар кандай маселелерди көтөрүп, онлайн -конференция өткөрүүнү чечтик. Бул иш -чаранын алкагында ишке ашырыла турган конкреттүү долбоорлорду аныктайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков