«Translogistica Kazakhstan 2024» эл аралык көргөзмөсү

Казакстандын транспорттук-логистикалык рыногунун дарамети дүйнөлүк оюнчулардын кызыгуусун жаратууда. Бул салттуу «Translogistica Kazakhstan 2024» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө катталган компаниялардын санынын жыл сайын өсүп жатканын көрсөтүп турат. Бул жылы ага катышуу үчүн КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрүнөн 200дөн ашуун компания каалоо билдирген. Мындан 25 жылдан ашуун убакыттан бери борбор калаага чогулган тармактын адистери жана транспорттук компаниялардын жетекчилери, жүк ташуучулар өз ара жаңы ишкердик байланыштарды түзүп, тажрыйба алмашат.

Борис Даниленко, көргөзмө уюштуруучусу:

- Биз көптөгөн казакстандык компанияларды, анын ичинде кампа ээлерин, транспорттук-логистикалык борборлордун өкүлдөрүн көргөнүбүзгө абдан кубанычтабыз. Мындан тышкары, бул жылы казакстандык көргөзмөгө чет өлкөлүк өнөктөштөр, эл аралык компаниялар чоң кызыгуу көрсөтүп жатканын белгилей кетүү керек. Алардын жарымынан көбүн Казакстан аркылуу жүк ташуу, жеткирүү боюнча өз кызматтарын көрсөткөн чет элдик компаниялар түзөт. Бизде бизнес программасы бар. Жакынкы 3 күндө бардык транспорт тармактарын камтыган 4 конференция өтөт.

Мындай тармактардын бири – кеме каттамы. Көргөзмөдө Казакстандын Улуттук деңиз компаниясы өзүнүн дараметин көрсөттү. «Казак деңиз транспорт флоту» ар кандай жүктөрдү, анын ичинде контейнердик, кургак жана дан эгиндерин Каспий аркылуу чет өлкөлөргө ташыйт. Бул деңиз коридору Транс-Каспий эл аралык транспорттук жолунун негизги бутактарынын бири экендигин белгилей кетүү керек. Ошентип, 2030-жылга карата Казакстан контейнердик ташуулардын көлөмүн 10 миллион тоннага чейин көбөйтүүнү пландап жатат.

Еркин Ныгметов, «Казак деңиз транспорт флоту» компаниясынын коммерциялык мүдүрү:

- Быйыл рекорд коюлду. Буга чейин Актау порту аркылуу айына 2000ге жакын контейнер өтсө, быйыл Актау портунан Баку портуна 7000ге чейин контейнер ташыдык. Деңиз логистикасынын өнүгүү темпи жалпысынан жакшы. Анткени мен жогоруда айткандай, контейнер жүктөрүнүн экспорту абдан өстү. Азыр дан жана мунай менен камсыздоонун агымы да көбөйүүдө. Себеби Казакстан башка өлкөлөр аркылуу өткөн негизги транспорттук жолдор менен катар альтернативдүү каттамдарды өнүктүрүүнү колго алды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков