Өлкөдөгү кошумча наркы жогору өнүм өндүрүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, экспортко чыгарылган ата мекендик товар түрлөрүн кеңейтүү, ошондой эле экономиканын тез өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу. Бул Казакстандын өнүктүрүү банкынын 2030-жылга чейиннки Өнүгүү стратегиясына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор. Бул тууралуу каржы мекемесинин башкаруучу мүдүрү Рахымжан Сатаев билдирди. Анын айтымында, банк алдыдагы 9 жылдын ичинде чийки зат эмес тармактын өндүрүшүнө багытталган долбоорлорду каржылоого артыкчылык берет. Ошентип, 2030-жылга чейин бул багыттагы өндүрүштүн үлүшү 50%дан кем болбошу керек. Буга кошумча, кийинки 10 жылда инфраструктура жана инвестициялык демилгелер олуттуу колдоого ээ болот.
Рахымжан Сатаев, КӨБнын башкаруучу мүдүрү:
- Жаңыланган өнүгүү стратегиясы банк менен бизнестин ортосундагы рыноктук мамилелерди өнүктүрүү үчүн экономиканы диверсификациялоого жана модернизациялоого жеке секторду камтыган долбоорлорго артыкчылык берет. Биз индустриалдык-инновациялык өнүктүрүү жана инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу мамлекеттик программалардын негизги оператору бойдон кала беребиз. Мындан тышкары, стратегияны жаңыртууга багытталган долбоорго туруктуу өнүгүү принциптерин ишке ашырууга байланышкан максаттуу камтууну туура деп чечтик.
Рахымжан Сатаевдин айтымында, Казакстандын өнүктүрүү банкы өлкөнүн энергетикалык балансында альтернативдүү энергия булактарынын үлүшүн 2030-жылга карата 15% га чейин жогорулатуу боюнча жашыл долбоорлорду колдоону улантат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков