Астана опера «Dubai Opera»  сахнасында «Щелкунчик» балетин койду

Жаркын эмоциялар жана жаңы жылдык маанай. «Астана Опера» театралдык труппасы Дубайдын маданий турмушуна дал ушундай из калтырды. Казак артисттери 4 күн бою чет элдик көрүүчүлөргө өз өнөрүн тартуулашты. Спектаклдердин программасы Гендельдин атактуу «Мессия» ораториясы менен ачылды. Андан соң кийинки үч күндүн ичинде балет труппасы театрдын симфониялык оркестринин коштоосунда Дубай операсынын сахнасында чыныгы кышкы сыйкырды – «Щелкунчик» балетин тартуулашты.

Айгерим Акимжанова, кабарчы:
- Жакшылыктын жамандыкты жеңгени жөнүндөгү жаңы жылдык жомокко эки кылымдан ашты. Пётр Ильич Чайковскийдин балети дүйнөдөгү эң белгилүү жана сүйүктүү балеттердин бири болуп келген жана ошол боюнча кала берет. «Астана Опера» театры биринчи жолу өзүнүн сахнасында 2014-жылы Юрий Григоровичтин жетекчилиги астында атактуу «Щелкунчик» спектаклин койгон.  Бүгүнкү күндө ал бул театрдын сыймыктана турган спектаклине айланды. Аны көрүүгө Дубайдын операсына миңдеген көрүүчү келди.

Тагыраак айтканда, «Щелкунчикти» үч күндө 10 миң адам көрдү. Спектаклге билеттер ай мурун сатылып, толук аншлаг менен өттү. Ага эмираттардын эле эмес, башка өлкөлөрдүн да тургундары күбө болушту.

Теренс Старр, Лондон тургуну:
- Мага хореография абдан жакты, менимче, труппа укмуш бийледи. Костюмдар абдан кооз экен. Анын үстүнө бийлер менен костюмдарды мындан дагы кооз кылып көрсөтүүгө сахнанын жарыгы да көмөктөштү деп ойлойм. Оркестрдин аткаруусу акустикалык жактан мыкты болду.

Река Косзта, Дубайдын жашоочусу:
- Мен буга чейин «Щелкунчик» балетин көргөм, бирок бул жолу спектакль чындап эле жогорку деңгээлде коюлду деп ойлойм. Бул спектаклдеги хореография менен  көркөмдүк жагы такыр башкача. Мага унутулгус таасир берди десем жаңылышпайм.

Дубайдын башкы сахнасында театрдын тажрыйбалуу артисттери да, жаш таланттары да өздөрүнүн чеберчилигин, кыймыл эркиндигин жана кайталангыс энергиясын көрсөтүштү.

Диас Курмангазы, Астана Опера театрынын солисти:
- Көрүүчүлөрдүн колдоосунан биз күч алабыз. Качан гана көрүүчүлөр бизди ушинтип колдогондо, биз мындан да мыкты болуу үчүн бардык жөндөмүбүздү жумшайбыз. Бизди абдан  жылуу кабыл алышкандыктан, бизге ушунчалык күч берди. Биздин жигиттер эмоциясын жашыра албай, баары жылмайып, кубанышты.

Албетте, Дубайдын тургундарына жана конокторуна жаңы жылдык маанай тартуулоо «Астана Опера» симфониялык оркестрисиз мүмкүн эмес эле. Спектаклге Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, маэстро - Абзал Мухитдин дирижёрлук кылды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков