Токио Олимпиадасында Казакстандын улуттук курама командасынын куржуну дагы бир коло медаль менен толукталды. Казакстандык мушкер Сакен Бибосынов британиялык Галал Яфаи менен жарым финалдык беттештен кийин коло медалга ээ болду. Спортчу турнирге 52 килограммга чейинки салмакта катышты. Айта кетсек, Сакен Бибосынов 24 жашта жана бул анын биринчи Олимпиада оюндары болуп саналат. Ал 2019-жылы Екатеринбургда өткөн Дүйнө чемпиондугунда жана 2021-жылы Дубайда өткөн Азия чемпионатында коло медалдын ээси болгон. Белгилей кетсек, Казакстан үчүн бул Олимпиада оюндарынын бешинчи жана бокс боюнча улуттук команданын экинчи коло медалы болуп калды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков