Алматыда Аяз ата парады өттү

Алматыда Аяз ата парады өттү

Алматы шаарында Аяз ата парады өттү. Ондогон жомок каармандары мегаполис тургундарына жаңы жылдык маанай тартуулашса, Аяз аталар шаар элин жаңы 2024-жыл менен куттукташты. Алар жолдон кезиккен тургундарга жана балдарга таттууларды таратып, эстелик үчүн сүрөткө түшүп, өзгөчө жана уникалдуу атмосфераны жаратышты. Аяз аталардын жүрүшү башкы жаңы жылдык балаты орнотулган «Абай» аянтынан башталып, «Астана» аянтында аяктады. Белгилей кетсек, Алматынын ар бир районунда Казакстандын эстрада жылдыздарынын катышуусунда жаңы жылдык концерттер уюштурулуп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков