Хабдын кызматы Борбор Азия өлкөлөрүн, Азербайжанды, Арменияны, Грузияны, Монголияны жана Пакистанды камтыйт. Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, Microsoft кызматтарын локалдаштыруу Казакстанга региондук масштабда технологияларды жана алдыңкы чечимдерди тартуунун борбору болууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле мунайзаттык эмес технологиялык тармактардын өнүмдөрүн өндүрүүнү жана экспорттоону шыктандыруу аркылуу адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана улуттук экономиканы чыңдоого өбөлгө түзөт.
Ерсултан Ерманов, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги департаментинин мүдүрү:
«Microsoft» бизди бардык багыттар боюнча туруктуу, келечектүү өнөктөш катары көрөт. Бул жалпысынан бизге регион катары аймактык лидер болууга мүмкүндүк берет. Биринчиден, байланыштын башкы кеңсеси ушул жерде орун алат. Алар айрым маселелерди тезирээк чечип, технологиялар менен камсыз кылышат. Бир катар аймактарда бардык саясат ушул жерден жүргүзүлөт, ал үчүн биздин кеңсе жооп берет.