Актөбеде Советтер Союзунун
Баатыры, казактын көзгө атар
мергенчи кызы Алия Молдагулованын жаркын элесине
арналган иш-чара өттү. Чогулгандар айыгышкан согушта Мекен үчүн от кечкен казак баатырын бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти.
Эстелигине гүл чамбарларын койду.
Быйыл согуш талаасына 18 жашында
аттанган баатыр кыздын туулганына 100 жыл. Буга байланыштуу өлкөдө киндик каны тамган жерде 100дөн
ашык иш-чаралар, анын ичинде аскердик-патриоттук, спорттук мелдештер, ар кандай
сынактар жана тематикалык кечелер өтөт.
Бекзат Каумешов, Актөбе транспорт, байланыш жана жаңы
технологиялар колледжинин педагог-уюштуруучусу:
- Алия апабыздын басып өткөн жолдору кийинки жаш муунга үлгү-өрнөк. Ал улуттук духту, баатырдык жолдорду, патриоттук тарбия берүү мезгилин калыптандыра билет деп билебиз. Ошондуктан, Алия апабызды эскерүү иш-чаралары, ар дайым үчтүн айынын 14 күнү анын туулган күнүндө, каза тапкан күнүндө жыл сайын өткөрүлүп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

