Астанада Digital Bridge форуму өтөт

Астанада Digital Bridge форуму өтөт

Астанада аймактагы IT-технологиялар тармагындагы негизги иш-чарага даярдыктар көрүлүүдө. Тогуздун айынын 12-13 күндөрү борбор калаада мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда Digital Bridge форуму өтөт. Салттуу иш-чара мыкты эл аралык жана ата мекендик тармактык талдоочуларды, венчурдук инвесторлорду, дүйнөлүк IT-компаниялардын лидерлерин жана таланттуу стартаптардын башын бириктирет. Адаттагыдай эле, коомчулукка пайдалуу болгон алдыңкы долбоорлордун жана ойлоп табуулардын авторлору эл аралык технологиялык форумдун алкагында өзүн таанытууга, бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик институттардын өкүлдөрү менен потенциалдуу кызматташуунун чөйрөсүн талкуулоого жана иштеп чыгууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат. Белгилей кетсек, масштабдуу иш-чара өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги, борбор калаанын акимчилиги жана Astana Hub эл аралык технопаркынын колдоосу менен уюштурулат.

Магжан Мадиев, Astana Hub мүдүрү:
- Форумдун быйылкы темасы – жасалма интеллект. Жалпысынан алганда, жасалма жана адамдын интеллектисинин ортосундагы балансты табуу. Башкача айтканда, эки башка акыл-эс системаны бөлүп, тең салмактоо. Бул жыйынга кеминде 20 миң адам катышары күтүлүүдө. Былтыркыдай эле президент, өкмөт мүчөлөрү, улуттук компаниялар, венчурдук инвесторлор, стартаптар жана IT-компаниялар катышат. Көргөзмөгө 200дөн ашык долбоор сунушталат. Панелдик сессиялар, талкуулар жана тажрыйба алмашуу, семинарлар уюштурулат. Спикерлер 25 өлкөдөн келет. Ошондой эле, форумдун алкагында Казакстанда биринчи жолу Google for Startups саммити өтөт. Бир катар алдыңкы дүйнөлүк компаниялардын топ-менеджерлери катышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков