Казакстанда NATIONAL GEOGRAPHIC фотограф ак бөкөндөрдү тартып алды

Казакстанда NATIONAL GEOGRAPHIC фотограф ак бөкөндөрдү тартып алды

Казакстандагы Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун Кызыл китебине кирген ак бөкөндөрдү жана алардын балдарын сүрөткө тартуу үчүн дүйнөгө белгилүү фотограф-натуралист, National Geographic журналынын кызматкери Джоэль Сарторе Алматыга келди. Ал бул жаныбарлар багылган жергиликтүү зоопаркка барды. Джоэль Сарторенин долбоорунун өзгөчөлүгү – ал өзүнүн сүрөттөрүн ак жана кара фондо тартат. Бул жаныбарлардын көңүлүн башка жакка бурбоого мүмкүндүк берет, дейт фотограф. Белгилей кетсек,  Алматы зоопаркы дүйнөдөгү ак  бөкөндөрдү баккан саналуу зоопарктардын бири. Сүрөтчү өз эмгеги аркылуу адамдарды жаныбарлар маселесине өзгөчө көңүл бурууга үндөйт. Фотограф 20 жылдын ичинде 20 миң жаныбарды сүрөткө тартууну көздөп жатат.

 

Джоэл Сарторе, NATIONAL GEOGRAPHик журналынын фотографы-натуралиси: 


Бул жерде, зоопаркта Казакстанда жашаган жаныбарлардын бир канча түрү бар. Мен сиздердин өлкөдө болгон эмесмин, Кызыл китепке кирген, жок болуп кетиши ыктымал болгон жаныбарларды бир альбомго чогултуу эң сонун мүмкүнчүлүк деп ойлойм. Долбоордун алкагында мен дүйнө жүзү боюнча байкалган жаныбарлардын бардык түрүн сүрөткө тартууга аракет кылам. Бул коомчулукту жаратылышты урматтоого үйрөтүү максатында жасалып жатат.

 

Белгилей кетсек, долбоордун 25 жыл аралыгында National Geographic фотографтары жаныбарлардын 12 миңге жакын түрүн тартып алууга жетишкен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков