Жаш казакстандык окумуштуу Жанат Махатаева Американын эң ири IT-гигантынын престиждүү стипендиясын утуп алды. Назарбаев университетинин Акылдуу системалар жана жасалма интеллект институтунун илимий кызматкери деменция же Альцгеймер оорусу менен жабыркагандарга жардам берүү үчүн эс тутумдун жардамчысы деп аталган уникалдуу тиркемени иштеп чыкты. Өз ишин даярдоодо адис объекттерди жана колдонуучулардын жайгашкан жерин аныктоо үчүн компьютердик көрүү алгоритмдерин колдонгон. Эми Жанаттын изилдөөсү 15 миң доллар каржылык колдоого ээ болот жана чет өлкөдөгү алдыңкы компьютердик лабораторияларда 12 жумалык такшалмадан өтөт. Белгилей кетсек, окумуштуу стипендиянын Казакстандагы биринчи ээси.
Жанат Махатаева, «Назарбаев Университетинин» докторанты:
- Адам белгилүү бир имаратка киргенде, аталган программа анын кайда барганын жана кандай объекттерде болгонун эстеп калат. Ошентип, адам кайда барганын, анын каякка кеткенин эстеп отуруунун кереги жок, анткени система анын эс тутуму сыяктуу бардык маалыматты сактайт. Өткөн жылы биз жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жүрүшүндө көрүүсү бузулган көптөгөн адамдар бар экенин жана алар түстөрдү, адамдын өң-келбетин, үндөрдү ажырата албаган адамдар көптүгүн билдик. Бул маселелерди чечүү үчүн заманбап технологияларды колдонуу толук мүмкүн. Бирок дүйнө жүзү боюнча көптөгөн окумуштуулар аталган маселе менен алектенбейт, менин изилдөөм Microsoft командасын кызыктырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков