Социалдык медициналык камсыздандыруу фонду алгачкы жарым жылдыкта миллионго жакын арызды карады

Социалдык медициналык камсыздандыруу фонду алгачкы жарым жылдыкта миллионго жакын арызды карады

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Социалдык медициналык камсыздандыруу фонду казакстандыктардын жарым миллионго жакын арызын карады. Алардын көпчүлүгү медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө ыкмалары, МСМС системасына катышуу, ошондой эле жеңилдиктерди категорияга киргизүү жана камсыздандыруунун макамын аныктоо маселелерине байланыштуу болду. Серепчилердин айтымында, кайрылуулардын саны боюнча Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарлары алдыда. Суроолор көбүнчө 1406 бирдиктүү байланыш борборлору аркылуу кабыл алынат. Үстүбүздөгү жылдын алты айында бул тармакка 389 миңден ашуун чалуу келип түшкөн. Арыздар категориясы жана татаалдыгына жараша маалыматты жөнгө салуунун үч деңгээлдүү модели боюнча каралат жана бөлүнөт.

Забира Оразалиева, Социалдык медициналык камсыздандыруу фондунун жеке жана юридикалык жактар менен иш алып баруу департаментинин мүдүрү:

- Биринчи деңгээлде 1406 номери боюнча телефон чалууларга жооп берген байланыш-борборунун операторлору тарабынан жүзөгө ашырылат. Операторлордун экинчи тармагы SRM-системасында катталган арыздарды кароону ишке ашырат жана кырдаалды деталдуу изилдөөнү, же конкреттештирүүнү, же кошумча ченемдик-укуктук актыларды изилдөөнү талап кылат. Бул ишти Фонддун бөлүмүнүн кызматкерлери жана медициналык уюмдардын кызматкерлеринен турган операторлордун экинчи тармагы аткарат. Байланыш-борбордун үчүнчү колдоо линиясын Фонддун борбордук аппаратынын кызматкерлери аткарат. Алар арыздын жыйынтыгын ырасташат же кайра иштетүү үчүн экинчи колдоо линиясына жиберет.

Белгилей кетсек, даттанууларды же кеңештерди call-борбору аркылуу гана эмес, «Qoldau 24/7» мобилдик тиркемеси аркылуу да жүзөгө ашырууга болот. Бул колдонмо аркылуу биринчи жарым жылдыкта 82 миңден ашуун өтүнмө каралды. Ошондой эле, суроолорду fms.kz же Telegram желеси аркылуу жиберүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков