Шушада түрк дүйнөсүнүн ашканасы тааныштырылды

Шушада түрк дүйнөсүнүн ашканасы тааныштырылды

Азербайжандын Шуша шаарында жалпы түрк элдеринин орток ашканасынын үлгүсү тааныштырылды. Өз улуттук тамактарын Казакстан да көрсөттү. Кулинардык-гастрономиялык фестивалга Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Өзбекстан жана Түркмөнстан да катышты. Келген коноктор кутабдын ар кандай түрүн, палоо, беш бармак, кымыз, карабак нанын, эт кошулган тамактар, кофе жана таттууларды ооз тийүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындан тышкары, түрк тилдүү өлкөлөрдүн белгилүү ашпозчулары тамактардын даярдалышы тууралуу чеберчилик сабактарын өткөрүштү. Белгилей кетсек, иш-чара «Түрк дүйнөсүнүн маданий туризминин өнүгүү келечеги» эл аралык илимий конференциясынын алкагында уюштурулду. Жыйында Түрк мамлекеттеринин биримдигине кирген өлкөлөр биргелешкен туристтик багыт түзүп, руханий, тарыхый, маданий  мурастарын туристтерге сунуштоо жолдорун талкуулады.