Казакстандын алгачкы паромдору 2025-жылга чейин пайда болот

Казакстандын алгачкы паромдору 2025-жылга чейин пайда болот

2025-жылга чейин Казакстандын биринчи паромдору пайда болот. Дагы 8и 2030-жылга чейин ишке киргизилет. Тактап айтканда, вагондорду жана автоунааларды ташый ала турган эң оптималдуу универсалдуу деңиз транспорттору кураштырылат. Бул максатта кең жана узун корпустуу кемелерди куруу мерчемделип жатат. Бул тууралуу өлкөнүн индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, биринчи кемени курууга кеминде 2 жыл керектелет. Ал эми баштапкы моделди чогулткандан кийин калганын кураштыруу үчүн алты ай керектелет. 10 кеме темир жол жана порт инфраструктурасынын ички байланышын толук пайдалануу жана тышкы рынокко андан ары чыгуу, ошондой эле Транскаспий багытынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу транспорттун коопсуздугун камсыздайт, деп билдирет тиешелүү мекеме.

Которгон: Илгиз Жамалбеков