Шымкентте жаңы жылдык балаты казак стилинде жасалгаланды

Шымкентте жаңы жылдык балаты казак стилинде жасалгаланды

Казакстанда жаңы жылдык балаты этникалык стилде жасалгаланды. Кадимки балаты оюнчуктарынын ордуна жаңы жылдын башкы символу болгон кичинекей улуттук сандык менен кооздолуп, ичине белек салынды. Мындан тышкары, бутактарга чүкө, кийиз жана ашкабактан жасалган буюмдар илинди. Шымкенттик сүрөтчү Болат Бейисбеков көп жылдан бери Жаңы жылды ушундай тосуп алат. Ал эми майрамда жалаң элдик ырлар ырдалып, улуттук бийлер аткарылып, түрдүү улуттук оюндар ойнолот.

Болат Бейисбеков, сүрөтчү:
- Мында келерки жылы коноктор көп болсун деп керебет  түрүндөгү оюнчукту көрүүгө болот, ал эми дасторкон толуп турсун деген максатта үстөл түрүндөгү оюнчук коюлду. Карагылачы, кандай кооз. Шаардыктар тарыхты эстеп жүрүүсүн каалайбыз. Бул биздин улуттук кодубуз. Аны биз жайылтпаганда ким жайылтмак эле? Ажыдаар жылы келе жатат дешет, жок! - Үлүлдөр. Бул жыл - асыл үлүл жылы. Биз ушул жылдын символун даярдадык жана ал баарыбызга бакыт алып келет деп ишенебиз. Мамлекетибиз өнүксүн. Баарына тынчтык жана жакшылык каалайм!

Башкы балаты Шымкент шаарындагы аянтка орнотулду, анын бийиктиги 18 метр. Айта кетсек, мегаполис Жаңы жылды чоң масштабда тосууну пландоодо. Анда жармаңкелер, концерттер уюштурулуп, түнкү саат 12де жаңы жылдык фейерверк атылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков