Бээжиндеги кышкы Олимпиада: казакстандык спортчу төртүнчү натыйжа көрсөттү

Бээжиндеги кышкы Олимпиада: казакстандык спортчу төртүнчү натыйжа көрсөттү

Казакстандык Акмаржан Калмурзаева Кышкы Олимпиада оюндарында фристайл-акробатика боюнча финалга өттү. Спортчу экинчи квалификациялык раундда 98,68 упай менен алдыга чыкты. Дал ушул программада ат салышкан Жанбота Алдабергенова алдыңкы сегиздикке кире алган жок.

Казакстандык шорт-трек чебери Абзал Ажгалиев Бээжин олимпиадасын төртүнчү орун менен аяктады. Ал 500 метрге чуркоодо финалга чейин жетип, медаль үчүн ат салышкан. Бирок алтын медалды Венгриянын өкүлү жеңип алды. Күмүш орусиялык спортчуга буюрса, коло Канададан келген конькичиге тийди. Дагы бир шорт-трек боюнча спортчу Денис Никиша В финалында 500 метрге чуркоодо өнөр көрсөттү. Ага кытайлык У Дацзин, орусиялык Павел Ситников жана латвиялык Робертс Крузбергс каршылаш болду. Жыйынтыгында үчүнчү орунду ээледи.

Абзал Ажгалиев, шорт-тректен улуттук кураманын мүчөсү:

- Колумдан келишинче аракет кылдым. Мен орун алгым келди. Бизде казактар кышкы спорттун түрлөрү менен алектене албайт, күрөш, бокс менен гана алектенет деп айтышат. Мен бул стереотипти бузгум келди. Элимди кубанткым келди. Бул кышкы спорт менен казактар да алектенет, коньки тебе ала тургандыгын далилдегим келди.

Эми өлкөнүн спортчулары кышкы Олимпиада оюндары программасынын 11-күнүндө фристайл-акробатика боюнча медалдар үчүн күч сынашат. Казакстандын курама командасы үчүн Жанбота Алдабергенова менен Акмаржан Калмурзаева күч сынашат. Олимпиадага баш-аягы спорттун тогуз түрү боюнча жалпысынан 34 казакстандык катышууда. Төрт жылдык оюндардын медалдык эсеби боюнча Норвегия курамасы алдыда келе жатат. Анын куржунунда 21 медаль бар, анын ичинде 9у алтын. Германия экинчи орунда. Андан кийин АКШ жана Нидерланды турат. Белгилей кетсек, Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндары бирдин айынын 20на чейин уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков