Казакстан 26 мамлекет менен өз ара визасыз режим тууралуу макулдашууларды жүргүзүүдө

Казакстан 26 мамлекет менен өз ара визасыз режим тууралуу макулдашууларды жүргүзүүдө

Алардын арасында Австрия, Сан-Марино, Бахрейн жана башка 23 өлкө бар. Чет элдик саякатчылардын агымын көбөйтүү биринчи кезекте өлкөнүн туристтик дараметин жогорулатуунун камы. Ошондой эле, Өкмөт Казакстанга электрондук виза бере турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү жана чакыруу талабын жокко чыгаруу маселелерин иштеп чыгууда. Мындан тышкары БАЭнин тургундарына визаларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү маселеси талкууланууда. Эске сала кетсек, буга чейин Казакстан менен Кытай өз жарандарын визадан бошотууну пландап жатканы айтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков