Швейцарияда түрк элдеринин жазууларынын көргөзмөсү өттү

Швейцариянын Берн шаарында түрк элдеринин жазууларынын эл аралык көргөзмөсү өттү. Анда Казакстандын, Кыргызстандын жана Азербайжандын колдонмо искусство чеберлеринин эмгектери көрсөтүлдү. Көргөзмөдөн ташка чегилген петроглифтердин, жазуулардын жана символдордун заманбап көркөм образын көрүүгө болот. Сунушталган эмгектер түрк элдеринин маданий мурасын жана өзгөчөлүгүн чагылдырат. Мындан тышкары, ар бир адам өзүн байыркы чеберлердин ролунда сынап, өзүнүн символун же петроглифин жасай алат. Конокторго мастер-класстар учурунда алардын жаралуу процесси менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилди. Белгилей кетсек, иш-чара Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду, ошондой эле Казакстандын Швейцариядагы элчилиги тарабынан уюштурулду.

- Казакстан менен Швейцариянын ортосундагы өтө маанилүү экономикалык байланыштардан тышкары туризм жана эң негизгиси маданий байланыштар да өнүгүп жатканы кубандырат. Түзүлгөн кызматташтыкты мындан ары да бекемдеп, достугубузду өнүктүрүү зарыл.

- Биз он жылдан ашык убакыттан бери Казакстандын туристтик компаниялары менен кызматташып келебиз. Эки өлкөнүн ортосунда туризм тармагында ишенимдүү өнөктөштүк түзүлдү. Бул албетте, кубандырат. Биз көптөгөн жаңы жана кызыктуу нерселерди үйрөнүп жатабыз. Мунун жемишин көрүү да алыс эмес деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков