Шахмат боюнча дүйнө чемпионаты: аялдар курама командаларынын ачылыш аземи

Шахмат боюнча дүйнө чемпионаты: аялдар курама командаларынын ачылыш аземи

Чын куран айынын 17-19 күндөрү аралыгында Казакстандын кыз-келиндер курамасы рапид жана блиц түрү боюнча дүйнөнүн аялдар командасы менен күч сынашат. Адистер баса белгилегендей, бул казак шахматынын гана эмес, дүйнөлүк шахматтын тарыхында болуп көрбөгөн окуя. Буга чейин СССРдин жана Орусиянын командалары менен дүйнөнүн жалаң эркектер командаларынын беттештери - 1970, 1984 жана 2002-жылдары болгон. Белгилей кетсек, катышуучу командалардын арасында ФИДЕнин эң жогорку улуттук жана эл аралык рейтингинин мыктылары бар. Казакстандын курамасын гроссмейстер Гүлмира Даулетова, ал эми дүйнөнүн аялдар командасын гроссмейстер, Латвиянын экс-экономика министри жана мурдагы каржы министри Дана Рейзниеце-Озола жетектейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков