Ири спорттук иш-чараны өлкөдө өткөрүү 2024-жылдын аяк оона айынын 8-15и күндөрү аралыгында өткөрүү мерчемделген. Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы билдиргендей, мелдештерге дүйнөнүн булуң-бурчунан ал тургай салттуу көчмөн деп эсептелбеген өлкөлөрдөн да командалар катышаары күтүлүүдө. Талаа оюндары казак күрөшү, көк бөрү, бүркүт салуу, чүкө атуу, эр-эңиш, тогуз коргоол сыяктуу казактын улуттук спорт түрлөрүнөн, ошондой эле чет мамлекеттерде өнүккөн, бирок тамыры бир көптөгөн башка спорт түрлөрүнөн да уюштурулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков