Казанат жылкы тукумун жаңыртуу үчүн атайын жол карта иштелип чыгууда

Казанат жылкы тукумун жаңыртуу үчүн атайын жол карта иштелип чыгууда

Казактын казанат жылкы тукуму кайрадан жаңыртылат. Ал үчүн атайын жол картасы иштелип чыгат. Мындан алты жыл мурун Камбар атанын тукуму Казакстан жеринде биринчи жолу колго үйрөтүлгөнү илимий жактан далилденген. Ошентип, ата-бабалар камыш кулак, бөкен кабак, жибек жал, куйма туяк деп сыпаттап, Кабанбайга минген Кубастын, Акан серинин минген Кулагеринин, Кобыландынын Тайбурылы изинен чыккан таза кандуу аргымактар деп эсептешкен. Бүгүнкү күндө костанайлык деп аталган казак асыл тукумдуу жылкыларын сактоо жана өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлде колго алынган.

Рахат Жаксыбай, РКнын улуттук спорт бирикмесинин аткаруучу мүдүрү:

- Премьер-министрдин орун басары Ералы Лукпанулы Тогжанов атайын буга байланыштуу бир катар расмий эмес жана расмий жолугушууларды өткөрүп, мамлекеттик компетенттүү органдарга тапшырмаларды берди. Костанай породасын кадимки ат катары кароонун ордуна, аны бренд катары, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгында, өзүбүздүн дүйнөбүз катары тапшырган көптөгөн протоколдор чыкты. Бул Жол картасы бир нече тапшырмаларды өз ичине камтыйт. Анын ичинде селекциялык иштерди күчөтүү жана өзаводдун жумушун калыбына келтирүү.

Ата-бабадан калган казанаттын тукумун өстүрүү иши 19-кылымдын аягында колго алынып, 1951-жылы асыл тукум заводунун жайгашкандыгына байланыштуу расмий түрдө «Костанайлык» деп документтештирилген. Ошентип, 44 миң аргымактын ичинен заводдо азыр 48 тукум калган. Алардын төрттөн бир бөлүгүн ургаачы бээлер түзөт. Бул жергиликтүү асыл тукумдардын бууданы. Кулундары төрт муунга чейин таза канын сактап, өз ара аргындаштырылат. Бул жараян жасалма жол менен жүргүзүлүүдө. Эми тандоонун дагы бир багыты сунушталып жатат. Бул табигый тандоо.

Рахат Жаксыбай, РКнын улуттук спорт бирикмесинин аткаруучу мүдүрү:

- Эң чоң жолу - спорттук мелдештер. Быйыл биз биринчи жолу Эл Башы кубогунун алкагында костанай тукумдуу аттарынын өзүнчө жабык жарышын өткөрдүк. Ал жерде ДНКны тапшырат. Костанай жылкысынын каны 50%дан жогору болсо, тагырак айтканда анда анын паспорту жана ДНК анализи болушу керек. Ошондо гана алар мелдешке катышууга уруксат алышат. Быйыл 15ке жакын ат катышты.

Күлүк тулпарларды аныктоо байгеси эми салтка айланып, жыл сайын талабы күчөтүлөт. Ага ылайык, байге фондуда көбөйө берет. Бул колунда костанай жылкылары бар адамдарды санын көбөйтүүгө үндөйт, дешет адистер. Алгачкы жарыштан кийин бул аргымактарга болгон суроо-талап артып, баасы 5 миллион теңгеге чейин жеткен.

Которгон Илгиз Жамалбеков