Абай атындагы КАЗУОБТ ребрендинги

Абай атындагы КАЗУОБТ ребрендинги

«Элүү жылда эл жаңы». Казак улуттук опера жана балет театрынын ребрендинги коомчулукка тааныштырылды. Эми легендарлуу театрдын жаңы логотиби, корпоративдик стили жана жаңыланган идентификациясы бар. Иш бир жарым жылга созулду. Бул тууралуу Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театрынын мүдүрү Таир Каратаев билдирди. Мындан тышкары, театрдын жетекчилиги бир катар жаңы долбоорлорду ишке ашырууну мерчемдеп жатат. Мисалы, келечекте үйдөн чыкпай эле спектаклдерди көрүүгө болот. Мындай мүмкүнчүлүк Казакстандагы гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү көрүүчүлөргө да буйруду. Ошол эле учурда, мындай технология театрдын эл аралык деңгээлге чыгып, өзүн таанытууга шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков