Мындан туура 32 жыл мурун өлкөбүз эгемендүүлүккө алгачкы кадамын жасаган. Бул күнү, 1990-жылдын тогуздун айынын 25инде Казакстандын эгемендүүлүгү жөнүндө декларация кабыл алынган. Ошол учурдан тартып дүйнө картасында чатыры бийик, терезелери бирдей жаңы мамлекет пайда болду. Тарыхый документ жаркын келечектин пайдубалын түзөт. Ал жеке аймактын бүтүндүгүн аныктап, өлкөнүн өздүк казынасын, эгемендигин жана мамлекеттик символикасын эл аралык мамилелерде бекемдөөгө негиз болгон. Санжыра тарыхын тизмектеп, нукура маданиятыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды жаңылоого жол ачты. Он үч жылдан бери унутта калган Республика күнү кайра келди. Быйыл мамлекет башчысынын жарлыгы менен өлкөнүн башкы улуттук майрамы катары жылнаамага кайра киргизилди. Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси Арман Токтышаковдун айтымында, Республика күнүн кайтарып берүү жана ага улуттук статус ыйгаруу тарыхый жактан адилеттүү чечим.
Арман Токтышаков, Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси:
Бул декларация өлкөнүн конституциялык өнүгүүсүнө негиз салган. Эмнеге мындай дейсиң? Анткени, бул мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндөгү декларациянын жана мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндөгү документтин негизинде 1993-жылкы Конституция жана 1995-жылкы Конституция кабыл алынган. Декларациянын биздин өлкө үчүн саясий зор мааниси бар. Себеби, бул өлкөнүн өз алдынча өнүгүү жолун аныктоонун алгачкы кадамы болгон. Чынында эле тарыхый учур десем аша чаппайм. Бул документ тууралуу кененирээк айтсак, ал 17 пункттан турат. Алардын ар биринин өз мааниси бар. Башкача айтканда, өлкөнүн өнүгүүсүнө жол көрсөткөн негизги багыттар жана артыкчылыктар так чагылдырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков