Парламент Сенатынын депутаты Мурат Бахтияр уулу Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү туура болмок деп эсептейт. Анын айтымында, бүгүнкү күндө бир министрлик 200дөн ашык түрдүү функцияларды аткарат. Казакстанда миңдеген бала бакчалар, мектептер, колледждер жана университеттер бар. Мындан тышкары, илим тармагы да четте калбашы керек - дейт сенатор. Айта кетсек, Алматыда Улуттук илимдер академиясынын 75 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында президент Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүүнү сунуштаган.
Мурат Бахтияр Уулу, Парламент Сенатынын депутаты:
- Учурдагы эң эффективдүү ыкма – агартуу министрлиги. Ага бала бакчалар, орто мектептер, колледждер берилиши мүмкүн. Илим жана жогорку окуу жайларын өнүктүрүү министрлиги деп түзүлсө, анда билим берүү өз тармагына өзүнчө кетет да, агартуу тармагы, ал эми илим менен жогорку окуу жайлары бирге кетет. Мурдагы СССРдегидей эле. Биз жаңы эч нерсе ойлоп таап жаткан жокпуз. Биз былтыр айтканбыз. Эми жеткен болуш керек. Бул маселени эчак эле көтөргөнбүз.
Сенатор ошондой эле үч тилдик программаны башталгыч класстын балдарынан алып салуу же анын жолдорун оптималдаштыруу керектигин айтты. Анын айтымында, 4-класска чейин казакстандык окуучулар казак тилинде гана окуса, орто мектептен тарта чет тилдерин тереңдетип окуй алышат.
Мурат Бахтиярулы, Парламент Сенатынын депутаты:
- Депутат катары менин жеке пикирим орус тили чет тили катары калышы керек. Бизде чет тил деген бар го. Мисалы орус адабияты деген бар. Эмнеге орус адабиятын ажыратабыз?! Бизде чет элдик адабият менен орус адабияты өзүнчө. Орусия биз үчүн чет өлкө. Ошондуктан орус адабиятын тандайбы, англис адабиятынбы же перси адабиятын тандайбы бул баланын өз эрки болушу керек.
Бүгүнкү күндө Казакстанда 10 миң 898 бала бакча, 7 550 мектеп, 820 колледж жана 120 университет бар. Ошондой эле, 386 ишкана илим-изилдөө жана иштеп чыгуу менен алектенет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков