Паркинсон илдети менен күрөш

Паркинсон илдети менен күрөш

Мындай ыкма Казакстан Республикасынын Президенти Аппаратынын Медициналык борборунун ооруканасында Паркинсон илдетине чалдыккан бейтаптарга арналган мектепде көп жылдардан бери ийгиликтүү колдонулуп келет. Бул жолу мектепке келген бейтаптар эрте төрөлгөн ымыркайларга кийим токуу үчүн чогулушту. Шара Мукаштын оор илдетке чалдыкканына 20 жылдан ашты. Мындай жыйындар жаныма даба, дартыма шыпаа болду дейт.

Шара Мукаш, бейтап:

- Балдар үчүн кийимдерди токуу биринчи кезекте биздин колдорубуздун жакшы көнгөнүнө байланыштуу жана кайрымдуулук балдар үчүн да эки жактуу пайдалуу. Паркинсон оорусу колдун жакшы иштешине, тил байлыгы менен сүйлөөгө, ошондой эле мээнин жакшы иштеши үчүн скандинавиялык басуу менен дарыланат, биз менен логопед иштейт.

Бул жерде оор дартка чалдыккан бейтаптар бири-бири менен тажрыйба алмашып, адистерден кеп-кеңеш алып турушат. Ал эми кол моторикасын жана кыймылын өнүктүрүү үчүн ушул сыяктуу түрдөгү ар кандай ыкмаларды үйрөнөт. Мунун баары невропатолог, нейрохирург, реабилитолог, логопед жана башка адистердин биргелешкен ишинин натыйжасы. Паркинсон – нерв системасынын эң коркунучтуу жана сырдуу ооруларынын бири. Тилекке каршы, заманбап медицина дагы эле анын эмнеден келип чыкканын так аныктай албай келет.

Талгат Ермеков, Президенттин иш башкармасы медициналык борборунун нейрохирург дарыгери:

- Чын куран айында Бүткүл дүйнөлүк Паркинсон илдетине каршы күрөшүү күнүндө бул маселе боюнча форум өткөрөбүз. Бул жерге көп адамдар чогулат. Алматыдан жана башка шаарлардан келишет. Кызыккандар үчүн эшик ачык. Биздин максат – бул ооруну дарылоонун эффективдүү ыкмалары бар экенин, аны менен күрөшүүгө болорун иш жүзүндө түшүндүрүү жана жеткирүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков