Казакстанда сууга түшүү үчүн 479 жайга уруксат берилди

Казакстанда сууга түшүү үчүн 479 жайга уруксат берилди

Казакстанда беш жүзгө жакын жерге сууга чөмүлүүгө уруксат берилди. Алардын 125ин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын бөлүмдөрү көзөмөлдөйт. Анда беш жүздөй куткаруучу күнү-түнү иштеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлү Бауыржан Сыздыков билдирди. Анын айтымында, куткаруу кызматынын негизги милдети – жалпысынан суудагы коопсуздук. Учурда бир катар профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Буга билим берүү мекемелеринде интерактивдүү сабактарды өткөрүү кирет. Ошондой эле, жыл башынан бери өлкөдө 50 миңге жакын бала сууда сүзгөндү үйрөндү. Ал эми популярдуу картографиялык аянтчада сууга түшүүгө тыюу салынган жана уруксат берилген жерлер тууралуу маалыматтар камтылган. Өз кезегинде Бауыржан Сыздыков суудагы коопсуздук эрежелерин так сактоо керектигин эскертип, эреже бузгандарга айып пул салуу тууралуу айтты.

Бауыржан Сыздыков, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жана аскерий бөлүмдөр комитетинин төрагасы:

- Биринчи кезекте коомдук сууну пайдалануу эрежесин бузган жарандарга айып салынат. Регламент жергиликтүү маслихаттын чечимдери менен бекитилет. Экинчиден, 440-беренеге ылайык, эгерде жаран коомдук жайда мас абалында болсо, алкоголдук ичимдиктер болсун, баңгизатты колдонгону болсун айып пул салынат. Ал эми 364-беренеге келсек, биринчи кезекте жаранга эскертүү берилип, бирок бир жыл ичинде ошол эле мыйзам бузуу кайталанса 2 айлык эсептик көрсөткүчтө айып салынат. Ал эми 440-беренеге ылайык, 5 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып төлөйт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков