Алдыдагы убакытта туризм тармагынын өкүлдөрү дагы өз көрсөткүчтөрүн жогорулатууну көздөп жатышат. Бул үчүн өлкөдө бардык шарттар түзүлгөн, мамлекеттик колдоо да бар. Маселен, тармакка инвестиция салган ишкерлерге дем берүү үчүн өкмөт былтыртан бери 10 пайыздан 25 пайызга чейин субсидия берип келет. Адистер тармактын өнүгүшүнө дагы бир фактор катары кышкы туризмдин кеңейиши, инфраструктуранын курулушу жана сунуштардын көбөйүшү болорун айтышат. Кошумчалай кетсек, азыр Бурабайда Аяз атанын резиденциясы бар. Ошондой эле, саякатчылар муз калыбындагы Шортан көлүндө сейилдеп, жакын жердеги Жумбакташты көрүп, Окжетпести көз чаптыра алышат.
Дмитрий Афанасьев: эс алуу жайынын менеджери:
- Ошондой эле, бул аймакта коньки тебүүгө жана бийиктиктен сыйгаланууга мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары, ат же квадроциклды ижарага алууга болот. Келечекте кар шаарчасын куруп, экстремалдык оюндарды уюштурабыз.
Андрей Подгруский, облусттук ишкердик жана туризм башкармасынын башчысынын орун басары:
- Бир катар мейманканалар жана курорттор жайкы мезгилге гана багытталган. Туристтик объектилердин көпчүлүгүндө кышкы оюн-зоокторду уюштуруу үчүн тийиштүү инфраструктура түзүлгөн эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков