Касым-Жомарт Токаев Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Анда Казакстандын президенти Еревандагы Сурмалу базарындагы жарылууда каза болгон жана жабыркаган жарандардын жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айткан. Белгилей кетсек, Арменияда курман болгондордун элесине эки күндүк аза күтүү жарыяланган. Тиешелүү чечим өкмөттүн сайтына чыкты. Акыркы маалыматтар боюнча, жардыруудан 16 адам каза болуп, 62си оор жаракат алган. Экөө дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. ӨКМ билдиргендей, учурда куткаруу иштери уланууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков