Аяк оона айынын биринен баштап Президенттик жаштар кадрлык резервине экинчи тандоо башталат. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин төрайымы Анар Жайылганова билдирди. Жалпысынан, бир нече баскычтан турган тандоо тогуздун айы жана бештин айлары аралыгында жүргүзүлөт. Анын алгачкы этабына 1 миң талапкер катышат. Бул этапта талапкерлер Президенттик жаштар кадр резервинин расмий сайтында жеке бөлүм ачып, катталууга тийиш. Андан кийин тексттик жана сандык тапшырмаларды чечиши керек. Кийинки баскычка өткөн жаштар абалга жараша тапшырмаларды аткарып, билиминин тереңдигин, талдоочулук ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын жана чечендигин көрсөтүшөт. Президенттик жаштар резервине эки турдан ийгиликтүү өткөн 50 талапкер гана кабыл алынат. Быйылкы тандоонун өзгөчөлүгү - талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлинин текшерилүүсүндө.
Анар Жайылганова, Мамлекеттик кызмат иштери агенттигинин төрагасы:
- Мурунку тандоодон айырмаланып, талапкерлердин чыныгы мотивдерин жана алардын баалуулуктарын баалоого багытталган. Биз биринчи кезекте коомдук кызыкчылыкты негизге алган жаш таланттарды аныктоого басым жасайбыз. Тандоо баскычында абалга жараша милдеттерди чечүү жана жүрүм-турумду аныктоо маеги сыяктуу баалоонун жаңы куралдары киргизилет.
Агенттик төрагасынын айтымында, президент тарабынан дайындалган мамлекеттик жана саясий мамлекеттик кызматкерлер, «А» корпусунун административдик мамлекеттик кызматкерлери жана Президенттик жаштар кадрлык резервиндеги адамдар тандоого катышууга киргизилбейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков